Бишкекте сабалып, буту сынган окуучу. Милициянын маалыматы

Бишкектеги №83 мектепте 7-класстын окуучусу 4-класстын окуучулары тарабынан сабалганын, анын буту сынып кеткенин окуучунун атасы айтып чыкты. «Мектептин короосунда сабалган. 12 бала жерге чаап, тепкилешкен. Бутун сындырышкан. Ошол убакта мектепте эч ким болгон эмес. Күзөтчү көтөрүп, Тез жардамга салып берген экен», — деди атасы.

Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акжолтой Акматова төмөндөгүлөргө токтолду. «11-декабрда саат 17:40 чамасында Бекзат ойноп жатып, 4-класстын окуучуларын кар менен чапкан. Бирин-бири ойноп чаап жатып, Бекзатты бутунан чалып, үстүнө кулап түшүшкөн. Ошол жерде анын буту сынып кеткен. Тез жардам бизге 40 мүнөттө келген», — деди ал.

№3 балдар ооруканасынын дарыгери Азамат Саматбек уулу окуучу ооруканага 11-декабрда түшкөнүн айтты. «Анын абалы орто оор болчу. Шишиги тараганча күтүп, 20-декабрда операция жасалды», — деди дарыгер.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя боюнча маалымат беришти. 11-декабрь күнү саат 22:30 чамасында милицияга №3 балдар ооруканасынан 2011-жылы туулган М.Б. оң бутунун ортонку үчтөн бир бөлүгүнүн жылышы менен жабык сынык диагнозу менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Биринчи Май РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда факты такталган. Буга байланыштуу М.Р. аттуу жаран арызы менен кайрылган, анда 11-декабрь күнү саат 17:40 чамаларында Бишкек шаарында жайгашкан №83 орто мектепте инисин балдар уруп койгондугу айтылган. Аталган факты Биринчи Май РИИБде катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Медициналык экспертиза дайындалган.

Андан тышкары жогорудагы фактыга катышы бар 6 өспүрүмгө Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесине (ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык протоколдор түзүлгөн жана тергөөнүн аякташы менен Биринчи Май администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясына аларды РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлүнө алуу учетуна коюу сунушу жиберилет.