Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол башталды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» турниринин кезектеги оюну башталды.

«6 айдан бери көрүшө электер менен көрүшөбүз. Көп маселе ушундай жерде чечилет. Дени сак улут болсок, дени сак өлкө болобуз. Спорт менен машыгыңыздар. Аман-эсен көрүшүп жүрө берели. Күч атасын тааныбайт. Күчтүүлөр жеңсин», — деди Садыр Жапаров.

Алгачкы оюнду президенттин командасы менен журналисттер баштап беришти.