Бишкекте Садыр Жапаровдун тарапташтары жеңишти майрамдашууда

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында кечээ, 10-январда президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп, иш-чара  концерттик программа менен коштолууда. Алдыда Садыр Жапаровдун эл алдына чыгары күтүлүүдө. Саат 15:30га карата аянтка 1000ден ашуун адам чогулду.

Концертте “Айкөл” тобу, Нэна, Сыймык Бейшекеев, Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, Замир Арыкбаев, Гүлзада Рыскулова, Гүлзинат суранчиева, Асел Турдалиева, Райхан Абдувалиева,Кубаныч Сатаев, Ильяз Андаш жана башкалар өз чыгармаларын аткарышууда.

Ал эми алып баруучулук милдетти куудул Назира Жетигенова, актёр Өмүрбек Израилов, ырчы Элдос Алмаз аткарышууда.

Бишкек шаардык мэриясы санитардык номалардын сакталуусун эске алуу менен иш-чара өткөрүүгө уруксат берген.