Бишкекте саммит өткөн күнү самокат тебүү чектелет

Борбор калаада КМШнын саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бул иш-чараларды Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБ, электр самакаттарды ижарага берүүчү «Аренда сервис», «To Go», ЖЧК «Абрикос» («e-motion»), Promo Express» («Sunrent») ЖЧКнын өкүлдөрү талкуулашты.
12-октябрда таңкы сааттан 00:00гө чейин делегациялардын каттамдарына бир күнгө чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн колдонуучулар арасында да билдирүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды.