Бишкекте самокат тээп кеткен 6 жаштагы бала үйүн таппай калган

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 6 жаштагы баланы табышкан. 20-август күнү саат 20:30дар чамасында 6 жаштагы бала самокат тээп, үйүнөн алыска кетип калып, кайтып бара албай калган.

Баланын апасы «102» кызматына кайрылган. Кызматкерлер баланы үйүнө алып барып, ата-энесине өткөрүп берген.