Бишкекте санитардык эрежени бузган айдоочуларга айып салынды

Ушул жылдын февраль айынан бери Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Беш ай аралыгында эреже бузган автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын айдоочуларына 59 протокол толтурулуп, 59 миң сомдук айып салынган.

«Кайгуул милициясынын кызматкерлери Автомобиль, суу транспортунун жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги менен 123 протокол толтуруп, 282 миң 500 сомдук айып салышты. Рейд ушул жылдын февраль айынан бери жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги элге кайрылып, баш калаада транспортко байланышкан көйгөй болсо 0312 53 36 48, 0707 03 15 71 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.