Бишкекте сасык тумоо, бронхит, пневмония менен ооруган балдардын саны көбөйүүдө

Бүгүн, 13-декабрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ал кыска мөөнөттүү тез медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышып, бейтаптардын ата-энелери менен маектешти жана борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов күз-кыш мезгилинин башталышы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит, пневмония менен ооругандардын саны көбөйүп, күндүз жана кечинде жана түнкүсүн бейтаптардын агымы да көбөйгөнүн билдирди.

Борборго күнүнө 600-750гө чейин бала келет. Буга байланыштуу ооруканада кошумча орундар уюштурулуп, курч респиратордук оорулар (КРВИ) менен ооруган балдар үчүн 28дин ордуна 90 керебет болду. «Бизде курч респиратордук оорулардан тышкары онкологиялык, гематологиялык, кардиологиялык, гастроэнтерологиялык, хирургиялык жана башка оорулар менен жабыркаган балдар дарыланышат», — деди борбордун директору.

Дарыгердин кабыл алуусун күтүү убактысын кыскартуу, кабыл алуу бөлүмүндө кезек күтүүнү азайтуу максатында кошумча 11 дарыгерлик ставка бөлүнүп, бөлүмдүн дарыгерлери, клиникалык ординаторлор жардамга тартылды, лор дарыгери, хирургдар, травматологдор, реаниматологдор, анестезиологдор, педиатрлар жана башкалар өзүнчө нөөмөттө турушат.

Бул иш-чаралар балдарга сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жана дарыгерлерге кайрылуу кезегин кыскартууга багытталган.