Бишкекте шаар тургундарын суу менен камсыздоо маселеси талкууланды

“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, Киргизия конушунда жана №10 кичирайонунда таза суу боюнча абал турукташты. «Арча-Бешик» конушунун тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда Айылчиев көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин узундугу 1000 погон метрди түзгөн суу түтүгүнүн курулушу аяктап жатат. Мэрдин орун басары суу берүүнү көзөмөлгө алууну “Бишкек суу канал” башкармалыгына тапшырды.

Суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 7 суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу 550-600 л/с көлөмүндөгү суу берилүүдө.