Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери түнү менен шаар тургундарына үйку бербей, жарандардын тынчын алып, ээнбаштык жасаган, жогорку үн менен дарылдаган, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орноткон жана катуу үн менен коомчулукка тынчтык бербеген мотоцикл жана мото-скутерлерди айып короо жайына токтотушууда.
Текшерүү учурунда көпчүлүгүнүн тийиштүү документтери жок жана дарылдаган кошумча жабдыктарды орноткон жарандар өспүрүмдөр экендиги аныкталган.