Бишкекте шахмат аллеясы ачылды (сүрөт)

Бишкекте шахмат аллеясы ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз шахмат союзунун, Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Кызыл лентаны Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды.

Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты. Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болгон.