Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 43 адамга жетти

Тез татым жайларынан уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпысынан 43 адам кайрылып, 23ү жаткырылган, алардын экөө бала. Алардын абалы канааттандырарлык. 20 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 

Кечээ, 1-октябрда борбор калаанын Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын 15и Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Кардарлар ууланган тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылган.