Бишкекте советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Борбор калаада советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Курман болгондорду эскерүүгө Ооган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Аскердик атташеси, полковник Игорь Довбня, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.

Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды. Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.