Бишкекте Спорт ордосунда Баткенге гумжардам чогултуу уланууда (сүрөт)

Бишкектеги Спорт ордосунда Баткендеги тургундарга гумжардам чогултуу уланууда. Бул тууралуу «Баткенге жардам» штабынан билдиришти.

Ошондой эле Баткен облусуна кезектеги жүк унаасы жөнөп кеткенин маалымдашты. «Жүк унаасына Баткен облусунун туругундарына биринчи кезекте эң керектүү болгон буюмдар жана тамак-аштар жүктөлдү. Ал эми гуманитардык жардам алып келип жаткан кыргызстандыктардын катары суюла элек», — дешти.