Бишкекте студенттер тарабынан жасалган тамак-аштардын жарманкеси өтөт

 Бишкекте 27-февраль күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда калаадагы колледждердин студенттери тарабынан жасалган тамак-аштардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ишкерлердин, ата мекендик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен студенттердин ортосундагы баарлашуу үчүн талкуу аянтчасы болот.

Ошондой эле мекемемин айтымында уюштуруучулар тарабынан концерттик жана көңүл ачуучу программа даярдалып, коноктор азыктардын даамын тата алышат. Мындан сырткары, пенсиялык күбөлүгү бар адамдар жеңилдиктер менен камсыздалат.

Жарманке 27-февралда саат 11:00дөн 18:00гө чейин уланат.