Бишкекте суукта адашып жүргөн «өзгөчө балага» баш кийимин берген окуучулар сыйланды

Бишкек ШИИБдин жетекчилиги борбор калаанын мектептеринин окуучуларына жана жетекчилигине жасаган эрдиги үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Өткөн жылдын аягында №14 жана №60 орто мектептеринин окуучулары Дмитрий Воспищев менен Даврон Амзаев аяздуу аба ырайында адашып, тоңуп жүргөн “өзгөчө баланы” байкаганда, кайдыгер мамиле жасап, өтүп кетишкен эмес. Анын жашаган жерин окуучулар билип, баш кийимдерин беришип, үйүнө узатышкан. Ата-энелер ыраазычылыгын билдирип, бул эрдикти чагылдыруу өтүнүчү менен маалымат агенттиктеринин биринин редакциясына кайрылышкан.

Борбор калаанын милиция кызматкерлери да четте калбастан, Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору, милициянын майору Нургүл Ысакова Бишкек ШИИБдин жалпы өздүк курамынын жана жетекчилигинин атынан өспүрүмдөргө жана мекеменин жетекчилигине окуучулардын катышуусунда ыраазычылык каттарын тапшырышты.