Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү, узундугу дээрлик 2 чакырымды түзөт. Иштер үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этапта Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү, экинчи этапта Чүй проспектисинен А.Огонбаев көчөсүнө чейинки жана үчүнчү этап Огонбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү бүткөрүлдү.
Капиталдык оңдоодо асфальттын эски катмары алынып (фрезерленип), бордюрларды алуу жана орнотуу, түтүктөр үчүн кутуларды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, эскирген түтүктөр «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы тарабынан алмаштырылды.