Бишкекте сүрдүрүлүп жаткан «Батуми» кафесине Ташиев барганы айтылууда

Бишкекте сүрдүрүлүп жаткан «Батуми» кафесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып, ээси менен сүйлөштү. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров жазды.

Маалыматка караганда, ээси башкалардын мүлкүн жок кылууга жол берген кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча УКМКга арыз менен кайрылган.

УКМКнын маалымат кызматы Камчыбек Ташиевдин барганы тууралуу маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кийинчерээк тактап берерин билдиришти.