Бишкекте табылган эки жаштагы бала энесине кайтарылды

Бишкек шаарынын 3-кичи районунда табылган эки жаштагы бөбөк энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрелде бөбөктүн апасы М.С. 2019-жылы туулган уулу М.А.нын документтерин алып барып, алар 3-кичи райондо жашаган туугандарыныкына келишкенин, ал жактан чыккан соң кызы өзүн начар сезипгенинен уулун отургузуп коюп, кызы менен басып кеткенин айткан. Кийин районду жакшы билбегендиктен адашып кетишкен. Келин Москва районунда жашарын билдирген.

Москва районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы үй-бүлө чындыгында айтылган районунун аймагында жашарын, жашоо шарттары канааттандырарлык экендигин тастыктаган документтерди тапшырган.

Эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине ылайык бүгүн, 15-апрелде бала энесине тапшырылган.