Таштанды үчүн карызың барбы? Бишкекте Алиев рейдге чыгып, кагаз чаптап жүрөт (сүрөт)

«Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктары үчүн карызын бир жылдан ашуун төлөбөгөн жарандар үчүн рейд уюштурду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек боюнча төрт райондо акча төлөбөгөн жеке жактардын жана чарбалык субъектилердин дарбаза, тосмолоруна «Тазалык сенден башталат» деген жазуусу менен чаптама чапталды. Жыйынтыгында 120 абоненттен 181 миң 153 сом чогултулду. Бул иш-аракет карызы бар адамдарды коомчулук алдында уяткарып, жоопкерчилигин күчөтүү аракети. Мындай рейд иштери жума сайын жүргүзүлүп турат.

Бишкек шаары боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасына шаар тургундары жана чарбалык субъектилердин карызы 185 миллион сомдон ашат.