Бишкекте таштандыдан табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристени таенесине берүү караларын билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Таластын тургуну келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таянесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Ошондой эле министрлик балага башка ысым берилгенин маалымдашты. Буга чейин ага Садыр деген ысым ыйгарылган болчу.