Бишкекте таштандыдан табылган ымыркай Улуттук борборго которулду

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркай Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна өткөрүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бакытбүбү Шамырканова белгилегендей, ымыркай алгач катуу үшүк алган белгилери менен №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Ал бир аз салмак кошкон — 2 килограмм 400 граммга чейин. Баланын абалы турукташкандан 12 күндөн кийин андан ары дарылоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которушкан. 

8-ноябрь күнү кечинде Бишкектеги Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектердин биринде ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Милиция ымыркайдын апасы табылганын билдирип, камакка алган. Апасы эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Ал эми наристенин таенеси аны багып алууга даяр экенин айткан.