Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов бүгүн, 18-декабрда соцтармактагы баракчасына видео жүктөдү.
«Бул шаар тургундарынын көп жылдардан берки кыялы болчу. Заводдун салынышы экологиялык тазалыкты камсыздоодогу чоң кадам», — деп жазды ал.