Бишкекте таштандыны саат 19:00дөн 00:00гө чейин гана чыгаруу сунушталды

Кечээ, 24-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында “Тазалык” ишканасынын 10 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету угулду.

Ишкананын директору Рамиз Алиевдин отчётунун жыйынтыгында “Тазалык” ишканасынын ишин уюштурууда системалуу жана сарамжалдуу мамиленин жоктугу белгиленди.

Катуу таштандыларды чыгаруунун жана санитардык тазалоонун белгиленген графигин бузуунун себеби, ишкананын жумушчуларынын жана атайын техникасынын басымдуу бөлүгүнүн жумушун системасыз бөлүштүрүү болуп саналат. Бул өз кезегинде борбор калаанын жолдорунда унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратат, анткени шаардын көчөлөрүндө таңкы саат 7:00дөн кийин атайын техникалар бар.

Шаар мэри катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда жарандардын жана чарбалык субъекттердин сааттарын белгилөө боюнча сунуш киргизүүнү, ошондой эле калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Коммуналдык кызматтар графикке ылайык таштандыларды саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгаруулары керек. Башкача айтканда таңкы саат 7:00дөн кийин таштанды чыгаруу мүмкүн эмес. Ошентип, күндүз таштанды челектеринин жана аянтчаларынын эстетикалык көрүнүшү тыкан көрүнүшкө ээ болот, ал эми жайкысын жагымсыз жыттар аз болот. Райондук администрацияларга бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды»,- дешти.