Бишкекте «тазалыкчылар» ишке эмес, нааразычылык акциясына чыгышты

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бүгүн, 15-апрелде ишке чыгышкан жок. Алар жаңы дайындалган директорго каршы нааразычылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар ишканада иштин чоо-жайын билбеген жетекчилер көп алмашарын айтып, нааразы болушту. 

«Бизге бизди, биздин системаны түшүнгөн жетекчи керек. Мурдагы жетекчилер менен таштанды таштоочу урналар турган жерлердин «кличкалары» менен аташып, сүйлөшчүбүз. Азыркылар эч нерсе билишпейт. Керек болсо, эч нерсесине кызыгышпайт. Жарым жыл мурда биздин директорду алып салышкандан кийин башаламандык башталды. Беш айда үчүнчү директор келди. Эч кандай жылыш жок», — дешти алар.