Бишкекте ТЭЦ-2нин аймагына айкалышкан циклдик электр станциясын куруу пландалууда

Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда отун-энергетикалык комплекс боюнча “Orta Asya Investment Holding” ачык акционердик коому менен инвестициялык келишимге кол коюу аземи өттү.

Бул долбоордун максаты Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин аймагында кубаттуулугу 250 МВттан ашык айкалышкан циклдик электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо болуп саналат. Инвестициялык келишимдин суммасы 300 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор энергетикалык инфраструктураны модернизациялоонун негизи гана болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

“Orta Asya Investment Holding” компаниясы өз каражаттарынын эсебинен Ала-Арча көмөк чордонуна электр линиясын тартууга жана ысык суу менен жылуулукту Бишкек шаарынын борбордук системасына кошуу үчүн узундугу 10 чакырымдан кем эмес жылуулук трассасын тартууга милдеттенет.