Бишкекте тойканалар кайра жабылбай турган болду

Кош стандарттуулук. Республикалык Штаб Ош менен Бишкекте эпидемиологиялык абалды оор деп баалап, мектептерди ачууга уруксат бербегени менен, борбордо тойканалар жабылбай турган болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирүү таратты.

Ал «Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал коомдук транспорттон, тойлордон улам курчуп жатат деп айтылууда. Тойканаларды жабалы деп айткам, бирок штабдын чечими башкача болуп жатат. Азырынча тойканалар жабылбайт. Анткени азыр шаарда абал туруктуу» деди.

Мындан улам, коронавирус инфекциясы көңүл ачуучу жайларда жайылбай, билим берүү мекемелеринде гана жашайбы деген суроо туулат экен.