Бишкекте келинди төрөтканага жеткирген айдоочу: «Жүргүнчүлөр толгоосу башталыптыр дегенинен алып баргам»

Кечээ, 7-июлда соцтармак колдонуучулары Бишкекте №214 кичи автобустун айдоочусу кош бойлуу келинди төрөтканага чейин алып барып, таштап кеткенин жазып чыгышып, видео менен бөлүшүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол каттамдын айдоочусу Азамат Рысалиев менен окуя тууралуу маектештик. Анын айтымында, ал бул каттамда 6 жылдан бери иштейт.

«Мага катардагы эле жүргүнчү катары отурган. Анан эле орто жолдо «ичим ооруп жатат» деп калды. Ичиндеги жүргүнчүлөр ызы-чуу болушуп эле, келиндин боюнда бар экенин, толгоосу келип жатканын айтып калышты. Мен аларга «анда төрөтканага таштап коелу» дедим. Баары макул болушту. Анан алып барып, таштап койдук. Кийинчерээк чалышып, мага Бишкек мэриясы ыраазычылык кат алып кет дешти. Бирок мен иштерим менен Орусияга учуп жаткам. Бара албай калдым. Кайра бат эле келем Кыргызстанга, ошондо алам», — деди ал.

Ал келиндин боюнда бар же жогун байкабаганын айтты. «Мен аны байкаган деле жокмун, жүргүнчүлөр толгоосу башталыптыр дегенинен төрөтканага алып бардым», — деди ал.

Ал эми редакция окуя боюнча №1 төрөт үйү менен байланышканыбызда, келин тууралуу маалыматты бир нече убакыттан кийин берерин убадалашты.