Бишкекте төрөлгөн 3 эм учурда эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө

Бишкекте төрөлгөн 3 эм эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

20-декабрда Бишкек шаарындагы №2 Төрөт үйүндө Нурзида Садырбаева аттуу 37 жаштагы шаар тургуну 3 эмди жарыкка алып келгенин аталган төрөт үйдүн башкы дарыгери Майрам Керималиева кабарлаган.

Үч эм 20-декабрда саат 10:06да төрөлгөн. Төрөт медициналык себептерден улам 35 жумада ыкчам жүргүзүлгөн. Операциядан кийинки мезгил өзгөчөлүксүз өтүүдө. Эне менен балдардын абалы канааттандырарлык. Учурда алар эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө.