Бишкекте төрөлгөн үч эм үйүнө чыгарылды

Бишкек шаарынын Перинаталдык борборунда жарыкка дүйнөгө келген үч эм канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Буга чейин 2-январда 36 жаштагы аял кесарево жолу менен үч эм төрөгөнү, үчөө тең кыз экендиги маалымдалган.