Бишкекте троллейбус айдоочулар кайрадан нааразычылыгын айтып чыгышты

Троллейбус айдоочулары линиядан чыгып, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жанына чогулушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзүлөрү билдиришкен.

Айдоочулардын айтымында, алар айлык акыны жогорулатууну жана жетекчисин кызматтан алууну талап кылышууда.

«Кечээ директор айлыгыбызды 50 миң сомго чейин көтөрөбүз деди. Бирок алар бизге мынчалык көп бербейт, бардык төлөмдөрдү жана салыктарды алып салганда, аз болуп калат», — дешти алар.

 

Кечээ, 10-августта 100гө жакын троллейбус айдоочулары жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылып чыгышкан. Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров сентябрь айында троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөрүн айткан