Бишкекте троллейбус айдоочулары кызматтан кетүү тууралуу арыздарын кайра алышууда

Бишкекте троллейбустун айдоочулары жумуштан кетүү боюнча арыздарын кайра алышты. Маалыматты журналисттерге мэриянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Айдоочуларга байланыштуу маселе митинг өткөн күнү кечинде чечилген. 20-августтан баштап накталай эмес төлөмдү киргизүү менен алар айлык акыны 50 миң сомго чейин көтөрөт, төлөмдөрдү жана салыктарды эске алуу менен 40-42 миң сомдон алышат деп макулдаштык», — деп белгилешти муниципалитеттен.