Бишкекте троллейбус линияларынын 70 пайызынын мөөнөтү бүттү

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

“Бүгүнкү күндө троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырым түзүп, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтүнөн өтүп кетти. Бул линияларды алмаштырганга көп каражат кетет, троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат. Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустун линияларын калтырабыз (Айтматов, Ахунбаев, Курманжан датка, Жибек-Жолу). Калган жолдордон бардык линияларды жана тирөөчтөрдү демонтаж кылып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен коё беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар алынат”, — деди калаа башчысы.

Экологиялык чөйрөнү сактоо максатында келечекте электр автобустарды машруттарга киргизилет. 2023-жылы Жогорку Кенеш колдоп берген Азия Өнүктүрүү Банкы менен келишимдин негизинде 120 электр автобустарды алуу процесси аяктап, электр кубатточу инфраструктураны даярдоо боюнча иш алып барылууда. “Азыр жалпысынан 152 троллейбус бар. Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландаштырып жатабыз. Бул кадам менен экинчи борбор шаарыбызга коомдук транспортунун өнүгүсүүнө жардам беребиз”, — деп кошумчалады калаа башчысы.