Бишкекте троллейбустардын иши токтотулду

Бишкекте троллейбустардын иши токтотулду. Бул тууралуу троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

«16-17-ноябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Делегацияларды өткөрүү учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүндө чектөөлөр киргизилет.

Буга байланыштуу 16-ноябрда саат 8:00дө бардык троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулат. Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт», — дешти.