Бишкекте туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады

Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандар үчүн айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде таштанды челектерине таштоо болгон. «Тигүү цехтеринин, мал союучу цехтердин калдыктарын, курулуш таштандыларын ыргытып жатышат. Бул көбүнчө жабдуулардын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет. Анткени, мындай таштандыларды жүктөө 3 эсе көп убакытты талап кылат», — деп айтылат маалыматта.