Бишкекте туура эмес жерге токтотулган унаалар «тазаланып» жатат

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы бардык айдоочуларга унааларын тыюу салынган жерлерде калтырбоону эскертти.

«Учурда Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызматы «Коомдук аялдама» рейдине байланыштуу жана жол тыгындарын, жол кырсыктарын алдын алуу максатында унааларын тыюу салынган жерлерге калтырууну жакшы көргөндөр менен күрөшүп жатат. Туура эмес токтоткон унаалар эвакуацияланат жана дагы да эвакуациялана берет»,- деп айтылат маалыматта.