Бишкекте Украинаны же Орусияны колдоо иретинде митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте Украинаны же Орусияны колдоо иретинде митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.

Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук соттору Бишкектин мэриясынын аталган райондордо убактылуу тыюу киргизүү тууралуу чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ага ылайык, 1-апрелден 1-июлга чейин «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан тышкары орусиялык-украиналык куралдуу чыр боюнча тынч чогулуштар, митингдер жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынат.