Бишкекте уксус ичкен келинге өзгөчө операция жасалды (cүрөт)

Бишкек шаарында лапароскопия ыкмасы менен уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Медициналык академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Академиянын медициналык борборундагы операция жасаган дарыгерлердин бригадасына онколог-хирург Бакыт Токтоказиев жетекчилик кылган. Жалал-Абад шаарында жашаган 21 жаштагы келиндин кызыл өңгөчү жабыркаган. Ал күйөөсү менен чырдашкандан кийин уксус ичип, андан жабыркаган кызыл өңгөчү 2-3 айдан бери тосулуп калган. Ал такыр тамак жута албай калганда ооруканага барган. Дарыгерлер аны тамактандыруу үчүн ашказанына түтүк салды. Ал эми келин 20 килограмм жакын салмагын жоготкон.

Бакыт Токтоказиевдин маалыматы боюнча, кызыл өңгөчтү алмаштыруу боюнча ачык операция Кыргызстанда мурда деле жасалган. Бирок лапароскопиялык хирургиянын жардамы менен жаңы органды жасаган биринчи учур. Адатта мындай операциялар дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө жасалат. «Көпчүлүгү бейтаптын жабыркаган органын алмаштыруу үчүн ичеги карынынан кызыл өңгөч жасайт. Биз ашказандын бөлүгүн алып, кызыл өңгөчтү чогулттук. Ашказан калың жана сапаттуу материал болуп эсептелет», — деди дарыгер. 11 саатка созулган операция ийгиликтүү болуп, трансплантациядан кийин бейтап ооруканада 1 ай жаткан. Учурда бейтап аз көлөмдө тамактанып жатат. Калыбына келүү үчүн убакыт керек.

Лапароскопия — бул хирургиядагы заманбап ыкма. Анда атайын жабдыктар, оптикалык системасы бар видеокамера колдонулат.