Бишкекте Улуттук банктын жаңы кеңсеси ачылды

Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышы болду, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Имарат Бишкек шаарындагы Калык Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Имараттагы куруу иштери көп жылдардан бери жүруп келген.

Салтанаттуу иш-чарада президент сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду. «Дагы бир маанилүү жаңылыкты бөлүшө кетейин. Биз мурда алтынды сактоо жагынан аксап келдик эле. Шартыбыз начар болчу. Мындан ары Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Эми биз өзүбүздүн алтынды гана эмес, чет өлкөлүк кардарларга да кызмат көрсөтүп, алтынын сактап берүүгө кудуретибиз жетет», — деди президент.