Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду

20-январда 97 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Гайсин Абдулхалик Каюмович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Абдулхалик Каюмович 1927-жылы 16-апрелде туулган. 1944-жылы 20-ноябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. Ал курсун Башкырстандан өткөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгышка которулган. Чыгыш Кытайдын Харбин шаарында байланышчы болуп кызмат кылган. Япония менен болгон согуштун катышуучусу, 1946-жылы май айында Хабаровскиге кайтып келген. 1951-жылы март айында армиядан демобилизацияланган.

Тынчтык мезгилинде ТҮРКСИПте 1973-жылга чейин Аягуз шаарында, андан кийин Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо электрик болуп иштеген. «Эрдик үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары жана Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.