Бишкекте унааларга атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет, бирок график менен

Бишкекте унааларга атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу журналисттерге мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар атайын бөлүнгөн тилкеде саат 20:00дөн 7:00гө чейин жүрө алышат. «Биз азыр тиешелүү жол белгилерине буйрутма бердик. Аларды орноткондон кийин айдоочулар ал тилкеде айдай алышат», — дейт ал.