Бишкекте уурдалган Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган митинг өттү (видео)

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны өлкөгө кайтарып берүүнү талап кылган митинг өттү. Митингге Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды да келди.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.