Бишкекте В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат

Борбор калаада В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов районунда В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле калкты тестирлөө жана АИЖВ, ГВВ, ГСВ алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү «газон» көчмө дарылоо-профилактикалык комплексинин (КДПК) базасында жүргүзүлөт.

14-ноябрдан 24-ноябрга чейин Курманжан-Датка – Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишиндеги «Аламүдүн базарынын» аймагында текшерүү, эмдөө жана дарыгерден кеңеш алууга болот.