Бишкекте валидациялоо жана сертификат берүү борбору ачылды

Бишкекте валидациялоо жана сертификат берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул борбор эч кандай билим албай туруп, өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, сертификат берет. Ошондой эле алардын эмгек рыногунда ордун табышына мүмкүнчүлүк түзөт. Бул программаны ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөткөн.