Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаева билдиргендей, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну 13-январда 34 жума 5 күндүк кош бойлуулук диагнозу менен түшкөн. Ал кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кош бойлуулук, экинчи төрөт. Кош бойлуу аял преэклампсия оорусуна байланыштуу ошол эле күнү шашылыш кесарево операциясына алынган. Бир уул, эки кыз төрөлдү. Биринчи баланын (уулдун) салмагы 2150 грамм, экинчи ымыркайдын (кыздын) салмагы 2250 грамм, үчүнчү баланын (кыз) салмагы 1850 грамм.

«Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Учурда көз жарган эне реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Балдар бөлүмүндө жаткан ымыркайлардын абалы орточо туруктуу. Эне жана балдардын абалына динамикалык мониторинг жүргүзүлүүдө», — деди Нургүл Шоонаева.