Бишкекте үйгө ууруга кирип, 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды жана акча уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

2024-жылдын 30-декабрь күнү Ленин районунун ички иштер башкармалыгына 1995-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Чынгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйүнө кирип, акча, алтын буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 454 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда соттолгон 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылууда.