Бишкекте үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Милиция тарабынан изделип жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

27-апрелде Октябрь РИИБге 2006-жылы туулган кыздын апасы кайрылып, кызы 19-апрелде Алтын-Орто конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Милиция кызды аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.