Бишкекте Ынтымак-2 сейил багы ачылды

Кечээ, 28-августта Бишкек шаарынын Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ынтымак-2 жаңы сейил багы ачылды. Анын ачылыш салтанатына Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев катышты.

Сейил бакта боз үйдү элестеткен сахналуу жана 800 орундуу амфитеатр жасалган. Ошондой эле, улуттук оюндар үчүн «Ордо» аянтчасы орнотулду. Сейил бактын өзгөчөлүгү — арыктар жана көлмөлөр. Эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн 105 унаа бата турган машина токтотуучу жай да орун алган.