Бишкекте ысык суу 16-майда өчүрүлөт

Бишкек шаарында 16-майдан 16-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.