Бишкекте ысык суу 17-июнда берилет

Бишкекте ысык суу берүү 17-июндан тарта жанданат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу быйыл ысык суу 17-майда өчүрүлгөн. Адатта жыл сайын 1 ай бою ысык суу берилбейт.