Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Буйрукка кол коюлду

Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет»,- деп айтылат маалыматта.